БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Пермь" крейсерин ишке киргизүүгө уруксат берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта анын канаттуу гиперүндүү "Циркон" ракетасын алып жүргөн алгачкы кеме болору айтылат.
Путин Мурманскиге болгон иш сапарынын алкагында суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Архангельск" крейсеринин экипажы менен жолугуп жатып, "Циркондун" кубаттуулугун белгилеген.
"Бул куралдын ылдамдыгын жана бутага таамай тийген тактыгын эске алганда аны стратегиялык тапшырма аткарган системалардын катарына кошууга болот", — деди Путин.
Өлкө башчы Россия сууда жана суу алдында жүрүүчү жаңы кемелерди курууну улантарына токтолгон. Президенттин айтымында, алар бүгүнкү күндүн талабына жооп берип, согушка жөндөмдүү, майнаптуу болуп, ондогон жылдар аралыгында мамлекетке кызмат кылышы керек.
Суу алдында жүрүүчү өзөктүк "Пермь" крейсери — төртүнчү муундагы көп буталуу суу алдында жүргөн өзөктүк кайык. Бул "Севмаш" өнөр жай бирикмеси куруп жаткан 885/885М долбоорлорунун "Ясень" тутумундагы алтынчы кеме болуп саналат.