БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Чакан бизнесте патенттик системага кайтабыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Слово Кыргызстана" гезитине кызматтагы 100 күнү тууралуу берген маегинде билдирди.
Ал электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарын колдонуу тартиби кайрадан каралып чыкканын белгиледи.
"Патенттик системага кайтып жатабыз, өзгөчө чакан бизнесте. Жүз миңдеген кыргызстандыктар базарларда иштеп үй-бүлөсүн багат. Мен расмий айтып коеюн, бийликтин элдин жашоосун кыйындатайын деген ою жок", — деди Касымалиев.
Өкмөт башчы салык милдеттүү түрдө төлөнүшү керектигин, бирок процессти жөнөкөйлөштүрүү зарылдыгын айтты. 1000 сомдук салык төлөш үчүн адам "убактысы менен нервин" коротпошу керектиги белгиленди.