БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия Европа менен Украинадагы абалды жөнгө салуу жаатында иштешүүгө даяр. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Мурманскиге болгон иш сапарынын алкагында моряктар менен жолугуп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Өлкө башчы анткен менен Евробиримдиктин аракети күмөн жаратып келерин белгилеген.
"Биз менен Европа менен иштешүүгө даярбыз, бирок аларга ишенүү оорураак. Алдап кетсек деп эле турушат, ага деле көндүк. Мындан ары "өнөктөштөрүбүзгө" ашкере ишенимге байланышкан ката кетирбейбиз деп үмүттөнөм", — деген Путин.