БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Жакын арада Мамлекеттик ипотекалык компанияга "Түндүк" тиркемеси аркылуу катталууга болот. Бул тууралуу МИКтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Түндүк" тиркемесине жаңы функцияны кошуп жатканы айтылды. Ал МИКке катталып, батир алуу үчүн арыз тапшырууга мүмкүнчүлүк берет.
Жаңы функция жакын арада иштеп баштай турганы кошумчаланды.