БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Алтын куймалардын баасы жаңы рекорд койгону Улуттук банктын маалыматынан белгилүү болду.
Эсептеп келгенде эң чоң 100 граммдык куймалар жыл башынан бери 112 миң сомго, ал эми 1 граммдык куймалар дээрлик 1,1 миң сомго кымбаттаган.
27-мартка карата баа:
100 граммдык куймалар — 879 534,5 сом;
1 унция (31,1 грамм) — 271 101 сом;
10 граммдык куймалар — 87 102 сом;
5 граммдык куймалар — 44 486,5 сом;
2 граммдык куймалар — 18 560,5 сом;
1 граммдык куймалар — 9 931 сом.
Дүйнөлүк рынокто да баалуу металлдардын баасы кескин өстү. Бүгүнкү күндө алтындын унциясы 3 миң 56 долларга чыкты (жыл башында 2 миң 646 доллар болгон).