БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору алмашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна Тимур Малабашев дайындалды.