БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Түрдүү санкцияларга жана ар кандай билдирүүлөргө карабастан европалыктардын басымдуу бөлүгү Россия менен соода алакасын түзүүнү каалайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин Экономикалык кызматташуу департаментинин директору Дмитрий Биричевский билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал КМШ мамлекеттеринин эл аралык экономикалык форумуна катышкан.
"Европа Россия менен соода жүргүзбөйм деп ар кыл чектөөлөрдү киргизе бергени менен бизнеси мамиленин уланышын каалайт. Өлкөлөрүнүн саясий көз карашына, позициясына карабастан көбү аны улантууда", — деди Биричевский.
Эскерте кетсек, буга чейин РФ президенти Владимир Путин Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун съездинде сүйлөп жатып Россияга кайтууга ниеттенип жаткан батыш компанияларына эч кандай артыкчылык жана жеңилдик берилбей турганын билдирген.
Аталган форумду КМШнын Экономикалык өнүктүрүү борбору уюштурган. Иш-чара уюмдун аткаруу комитети жана башка бир катар структураларынын көмөгү менен өтүп жатат.