Түштүк-Чыгыш Азияда жер титирөө болуп, көп кабаттуу имарат урады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Түштүк-Чыгыш Азияда кыйратуучу жер титирөө болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка караганда, анын магнитудасы 7,7ге жеткен. Жер титирөө Бангладеште, Лаосто жана Кытайда сезилгени кабарланды.
Соцтармактарда Таиланддагы 30 кабаттуу имарат ураган видео тарады. Урандынын алдында 43 жумушчу калганы белгиленди.
Ошондой эле Мьянмадагы көпүрө, имараттар кыйраган. Бангкокто адамдар эвакуацияланып, метро ишин токтотту.
Жабыр тарткандардын саны азырынча белгисиз.
Кыргызстанда таңга маал жер титиреп, күчү очогунда 6 баллга жеткени айтылды