Путин АКШнын Гренландияны кошуп алуу планына биринчи жолу үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин АКШнын Гренландияны кошуп алуу планы 1860-жылдары эле пайда болгонун билдирди.
РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча, РФ лидери "Арктика — диалогдун аймагы" аталышындагы эл аралык форумда сүйлөгөн. Анын айтымында, америкалык администрация Гренландия менен Исландияны кошуу мүмкүнчүлүгүн XIX кылымдын ортосунда талкуулап, сунушту Конгресс колдобой койгон.
"Американын Гренландияга байланыштуу планы абдан олуттуу. Тарыхый тамыры терең. АКШ эми Арктикадагы геостратегиялык, аскердик-саясий жана экономикалык кызыкчылыгын таңуулай берери анык", — деди Путин.
Ал 1868-жылы америкалык гезиттер Алясканын сатып алынышын шакаба чегишкенин белгиледи: жарым аралды ошол кездеги АКШнын президенти болуп турган Энрю Жонсондун "муз ящиги" жана "ак аюулар бакчасы" деп аташкан.
"Ошондон улам Гренландияны кошуп алуу демилгеси ишке ашпай калган. Бирок бүгүнкү күндө Алясканын сатып алынышы да, Эндрю Жонсондун ишмердүүлүгү да АКШда башкача кабыл алынып жатса керек", — деди РФ президенти.
Путин 1910-жылы АКШ, Германия жана Даниянын ортосунда аймак алмашуу боюнча үч тараптуу келишим түзүлгөнүн эске салды.
"Натыйжада Гренландия АКШга өтмөк, бирок келишим үзгүлтүккө учурап калган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда америкалыктар Гренландияны фашисттерден коргоо үчүн ал жакка аскер базаларын жайгаштырып, согуш бүткөндөн кийин Данияга аралды сатып алууну сунушташкан. Бул — тарыхтын көзү менен караганда кечээ жакында эле болгон окуя. Демек, АКШнын жаңы администрациясынын Гренландияга ээлик кылуу ниетин акылга сыйбайт деген — жаңылыш пикир", — деди Путин.
Президент өз сөзүндө Арктиканын дүйнөлүк мааниси барган сайын артып жатканын, ошону менен бирге региондогу позиция үчүн талаш-тартыш да күчөп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Россия Арктикада пайдалуу кен, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдарды казуу иштерин өнүктүрөт. РФ лидери Арктиканын табиятына туура мамиле жасап, жаратылыш байлыктарын колдонууда балансты сактоого чакырды.
Путин: Москва Европа менен иштешүүгө даяр, бирок ЕБ ишенимден кеткен