Бишкек шаарындагы мектепте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган "Жеңиш" музейи ачылды

Sputnik
Быйыл Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет. Өлкөдө бул мааракени утурлай ар кандай иш-чаралар уюштуралганы жатат. Бишкек шаарындагы №100 Байдылда Сарногоев атындагы мектепте "Жеңиш" музейи ачылды. Маалымдалгандай, Жеңиш музейин ачуунун максаты - баатырларыбызды эскерүү, Улуу Ата Мекендик согушта жасаган эрдиктерин түбөлүккө калтыруу болуп саналат. Музейге ата-бабаларыбыздын сүрөтү менен өмүр таржымалы, согуш учурунда кийген кийимдери, колдонгон идиштери коюлган. Окучуулар арасында сынак уюштурулуп, Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин урматына жасалган буюмдары да орун алды.
Мындан тышкары Жеңиштин 80 жылдыгына карата өлкөдө апрель-май айларында көп иш-чаралар уюштуруларын "Спутниктен сүйлөйбүз" берүүсүндө коноктор маалымдашты.