Ош мэриясы 500 млн. сомго 128 атайын техника сатып алат

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы 128 атайын техника сатып алат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, вице-мэр Замир Юсупов баштаган мэриянын өкүлдөрү Кытайда иш сапарда жүрүшөт.
1 / 3

Ош шаарынын мэриясы 128 атайын техника сатып алат

2 / 3

Маалыматка ылайык, вице-мэр Замир Юсупов баштаган мэриянын өкүлдөрү Кытайда иш сапарда жүрүшөт

3 / 3

Учурда делегация Сиань, Чанша шаарларындагы заводдорду кыдырып, бир катар керектүү техникаларды көрүп, жеринде түз келишимдерди түзүп жатканы кошумчаланды

"Максат — мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан Ош шаарына атайын техника алууга бөлүнгөн 500 миллион сомго муниципалдык, коммуналдык, жол ишканаларына жана мекемелерге атайын техника сатып алуу", — деп айтылат маалыматта.
Учурда делегация Сиань, Чанша шаарларындагы заводдорду кыдырып, бир катар керектүү техникаларды көрүп, жеринде түз келишимдерди түзүп жатканы кошумчаланды.
Тынч учурда ӨКМдин дарыгерлерин жана техникасын пайдаланууга жол ачуу каралууда