БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россия Украинада Батыштын тынчтык орнотуучуларын жайгаштырууга караманча каршы, Улуу Британия менен Франция миссияга жамынып аскердик кийлигишүү планын жашырууда. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди.
"Мындай сценарий Россия менен НАТОну түз кагылышууга кептейт, мындан улам Москва буга караманча каршы", — деди дипломат.
Захарова Лондон менен Париж Украинага аскердик кийлигишүү ниетинен баш тарта электигин, аны "тынчтык орнотуу миссиясы" менен жаап-жашырып жатканын белгилеген.