Айт намаз 30-мартта мечиттерде окулат

Бишкектеги мечитте окулган айт-намаз. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Өлкөдө Айт намазы 30-мартта мечиттерде окула турганын муфтияттан кабарлашты.
Айт намазы саат 07:30дан 07:50гө чейин окулат.
Муфтияттын программасы:
06:30-07:15 — баяндар;
07:15-07:25 — казынын, мамлекеттик кызматкердин, имам-хатибдин куттуктоолору;
07:25-07:30 — айт намазынын окуу эрежелерин түшүндүрүү
07:30-07:50 — айт намаз.
1-мартта башталган орозо 29-мартта бүтмөкчү.
Муфтий Абдулазиз Закиров. Архив
Муфтий элди Орозо айы менен куттуктап, ооз ачырууда ысырап кылбоого чакырды