Москвада тарыхчы мугалимдердин башын бириктирген форум ишин баштады

Sputnik
Москвада тарыхчы мугалимдердин башын бириктирген форум башталды.
Форум "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган. Мамлекеттик Думанын депутаты Алена Аршинова Евразия тарыхчыларынын мындай жыйыны дайым өтүп турарына токтолду.
"Биз 10 мамлекеттин мугалимдери менен Евразия тарыхчыларынын туруктуу форумун түзүүнү макулдаштык. Тарыхый чындыкты коргоп, ар кандай бурмалоолорго жол бербей, тарыхка кайдыгер карабагандарды бириктиребиз", — деди ал.
Жеңиш музейине Армения, Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана башка бир катар өлкөлөрдөн 150 мугалим келген.
Тема боюнча:
"Эстеликтердин картасы" — согуштун каармандарын эскерткен санарип долбоор