УКМК: иштен четтеген тергөөчү пара менен кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кылмышка шектүү мурдагы тергөөчү пара талап кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүүгө буга чейин бир нече берене боюнча иш козголуп, иштен убактылуу четтетилген.
"Милициянын улук лейтенанты Ч.Н.Н. аттуу мурдагы тергөөчү Ш.А. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркуткан. Маселени чечүү үчүн 2500 доллар талап кылган. 20-мартта "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен иш козголуп, 165 миң сом электрондук капчыгына которулгандан кийин кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Бул тергөөчүгө буга чейин "Документтерди жасалмалоо", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Алдамчылык" беренелери боюнча иш козголгону кошумчаланды.
УКМК: Балтагулов айылынын мурдагы башчысы жана жергиликтүү депутат кармалды