Эски ырларды аткаруу жаш ырчылардын такшалуусуна чоң өбөлгө. Анткени мындай чыгармалар ырчынын жөндөмүн эле жакшыртпастан, жан дүйнөсүн да толтурат. Бул тууралуу Аман Эсенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ыр тандоодо алгач сөзүнө көңүл буруу керек.
"Мага эски ырлар жагат. Устатыма айтып сунуштасам, ал да жактырды. Биринчи "Кайыр кош" аттуу чыгармага аранжировка жасап ырдап көрдүм. Азыр ырларды бирге тандайбыз. Негизи ыр тандаганда алгач сөзүнө, анан музыкасына көңүл бурам. Аткарып жатканда чыгарманы сезишиң керек. Кичинемде кыргызча эски ырларды ырдап жатышканын көп уктум. Апам да көп ырдагандыктан мага кичинемден сиңген окшойт. Ошондуктан ушул ырларды жактырып аткарып калдым", — деди Эсенбеков.
Ошондой эле ал учурда бир чыгарманын үстүнөн иштеп жатканын, жакында күйөрмандарын жаңы ыр менен кубантарын кошумчалады.