Жагымдуу кабар! Айпери Медет кызы Азиянын үч жолку чемпиону болду

Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Айпери Медет кызы Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду.
Ал финалда индиялык балбан Ритика Худаны жеңди. Эсеп 6:6 болду. Соңку аракетти Айпери жасап, жеңишти жулуп кетти десек болот.
Спортчулар 76 килограмм салмакта кармашты.
25-мартта Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан бул чемпионат 30-мартта аяктайт. Ал грек-рим, кыз-келиндердин жана эркин күрөш боюнча болууда. Кыргызстандан бул таймашка 27 спортчу аттанган.
Турнирден буга чейин Раззак Бейшекеев күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу коло медаль алган.
Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медаль алды