БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Нарын облусунда катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн чатырын учурду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ат-Башы районундагы Кара-Суу, Калинин, Дыйкан, Терек-Суу айылдарында эки турак үйдүн жана кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын чатырларын шамал учуруп кеткен.
Чыгымдын көлөмү шамал басылгандан кийин аныкталары кошумчаланды.
Буга чейин Ат-Башыда жүк ташыган унаалардын прицептерин шамал оодарып кеткен видеолор тараган.