БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ат-Башыда бороон жүк ташыган унаалардын прицептерин оодарды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 500-544-чакырымдар аралыгында жол жакшы көрүнбөй, катуу бороон болгон.
"Аймакты караган Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен жолду тынымсыз тазалап жатышат. Каттам ачык. Катуу шамалдан улам айрым оор жүк ташуучу унаалардын бош чиркегичтери оодарылып, кыйынчылык жаратууда", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик айдоочуларды сапарга аба ырайынын шартын эске алып чыгууга жана жол эрежесин так сактоого чакырды.