БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жума күнү республиканын тоолуу жерлеринде кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Нарын чөлкөмүндө 3…8, Талас өрөөнүндө 1…6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 5…10, Ысык-Көл жеринде 6…11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 5…7, Ош шаарында 7…9 градусту көрсөтөт.