Кыргызстанда айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, органикалык азыктар жана ЕАЭБдин алкагында экспорт маселелери тууралуу маектин жүрүшүндө талкуу болду. Үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо жаатында эл аралык стандартка ылайык сертификат бир катар кыйынчылыктарды жаратып жатканын жана анын себептерин Уран Чекирбаев айтты. Учурда ЕАЭБдин алкагында жана үчүнчү өлкөлөргө экспортко айыл чарба азыктарын чыгарууда лаборатория жаатында, техникалык, шарт түзүү, кадр маселесинде бир катар көйгөйлөр бар. Кайра иштетүү жана органикалык өндүрүүдө биринчи кезекте азык түлүк коопсуздугуна артыкчылык берилерин меймандар маектин жүрүшүндө билдирди.