Сокулук районундагы Шопоков шаары Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун ысымын 1985-жылдан бери алып келе жатат. Быйыл шаар 40 жылдыгын белгилейт жана Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата да кызуу даярдыктар жүрүүдө.
Шаар мэри Нурадил Становго “Күн Башат” программасынын алкагында шаардын экономикалык-социалдык абалы, 2024-жылдын жыйынтыгы, алдыда жасалуучу иштер, пландар жана көйгөйлөрү туурасында бир катар суроолор берилип, жооп алдык. Учурда шаардын таза суу жана саркынды сууларын тейлөө жааты толук техникалык жаңылоого муктаж. Ошол себептен Жогорку Кеңеште каражат бөлүү иши каралууда.