БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) фондуна кетүүчү социалдык төлөмдү көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.
Документте каражаттын тартыштыгынан улам саламаттык сактоо тармагында көптөгөн көйгөйлөр бар экени айтылган.
Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу системасы бар. Ага ылайык, ар бир кызматкер айлык маянасынын эки пайызын которот. Саламаттык сактоо министрлиги ММК фондуна жумушчулардын айлык маянасынан кошумча эки пайыз которууну сунуштап жатат. Башкача айтканда, мурда жалпы социалдык төлөм 10 пайыз болсо, аны 12 пайызга көтөрүү демилгеленүүдө.
Министрлик бул чара медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшырта турганын кошумчалады.