БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. ЕЭКтин коллегиясы товар декларациясы катары транспорттук, коммерциялык жана башка документтерди пайдалануу тартиби боюнча нускамага өзгөртүүлөрдү киргизди.
ЕЭКтен билдиришкендей, жалпы декларациянын формасынын ордуна жөнөкөйлөтүлгөн бажы документин пайдалануу учурлары кеңейтилди.
"Алардын катарында мурда киргизилген же чыгарылган, расмий эл аралык спорттук иш-чараларда колдонууга арналган товарларга карата атайын бажы процедурасын аяктоо мүмкүнчүлүгү бар", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул документ менен медициналык жардам үчүн адамдын органдарын жана ткандарын, кан жана анын компоненттерин декларациялоого шарт түзүлдү. Мындан тышкары, товарлардын баасын көрсөтпөөгө мүмкүнчүлүк берилди.
"Бул өзгөртүүлөр айрым товар категорияларын бажылык декларациялоосун жөнөкөйлөтүп, алуучуларга жеткирүү убактысын кыскартат", — деди ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов.