БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Украинадагы согуштун өзөгүн түшүнүп турат, бирок кепке келүүнүн мөөнөтү боюнча Владимир Зеленскийдин "алсыздыгына" жол бербөө ниетиндеги Европа элитасын ашыра баалап жиберди. Киев бийлигинин башчысы мөөнөтү бүтүп бара жатканын түшүнүп турса да кепке келгиси келбей турат. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазган.
Мындан мурдараак АКШнын атайын өкүлү Стивен Уиткофф Bloomberg TV каналына Украинадагы согуш отун толук эки аптада өчүрсө боло турганын айткан эле. Кийинчерээк журналист Такер Карлсонго берген интервьюсунда Уиткофф Украинадагы жаңжал боюнча бир катар билдирүүлөрдү жасады. Тагыраагы, ал төрт аймакта референдум өткөнүн белгилеп, добуш бергендердин басымдуу көпчүлүгү Россиянын курамында болууну каалаганын белгилеген.
"Ал — акылдуу, энергиялуу адам. Элдин баары жөнөкөй эле нерселерди түшүнүшү керек деп эсептейт. Такер Карлсонго берген интервьюсундагы айткандарына караганда, согуштун маңызын түшүнүп турат. Бирок Зеленскийдин алсырап кетпеши үчүн ага жүк артууну каалап турган европалык элиталарды ашыра баалап алган", — деген Лавров.
Министр муну менен катар эле Зеленский өзү да бошоңку тарткысы келбегендигин, себеби Украинадагы радикалдык маанайдагы чөйрөлөрдөн тышкары анын "кеменгерлик образы" эбак эле өчкөнүн жана саналуу күнү калганын түшүнүп турганын белгилеген.