Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медаль алды

Амманда болуп жаткан бул биринчиликке Кыргызстандан 27 спортчу аттанган. Алардын арасында Айпери Медет кызы, Сезим Жуманазарова жана дагы бир топ балбан кыздар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Спортчу Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду.
Финалда ал ирандык Олимпиада чемпиону Саид Эсмаили менен беттешип, 0:3 эсебинде утулду. Мурдараак япониялык Катсуоки Эндону жеңип, өткөн Азиялык оюндагы жеңилгенинин "өчүн" алган.
Бул — Кыргызстандын Азия биринчилигиндеги алгачкы күмүш медалы. Мурдараак куржунга бир коло медаль түшкөн.
25-мартта Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан бул чемпионат 30-мартта аяктайт. Ал грек-рим, кыз-келиндердин жана эркин күрөш боюнча болууда. Кыргызстандан бул таймашка 27 спортчу аттанган.
Балбан Раззак Бейшекеев Албаниядагы мелдештин жеңүүчүсү болду