Пресс-борбор

Быйыл Солтон-Сарыдагы Бучук тилкесинде алтын казыла баштайт

Алтын кенинде жардыруу тешиктерин бургулоо. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Быйыл Солтон-Сарыдагы Бучук тилкесинде алтын казыла баштайт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, кен казуучу жайга Кытайдын Zhong Ji Mining Company компаниясы завод куруп бүткөн.
Министр природных ресурсов, экологии и технического надзора Медер Машиев
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев
"Негиздөөчүсү — Кытайдын мамлекеттик China Gold компаниясы. Булар 2025-жылга 3,4 тонна алтын казабыз деп милдеттеме алышты. Чалгындоо иштери бүтүп, казууга даяр болуп калган, бирок ар кандай шарттан улам казылбай турган дагы 2-3 алтын кени бар. Алардын бири Чаарат кенинде 100 тоннадан ашык алтын бар экени тастыкталган. Буга лицензия алган Улуу Британянын "Чаарат Заав" компаниясы жакынкы 2-3 жылда алтын казууну жолго салмакчы", — деди министр..
Машиев министрлик алтынды мурдагы өндүрүү деңгээлине жеткирип, андан ашыруу боюнча иштеп жатканын белгилеген.
Баткен облусу. Архив
Баткенде 50 млн. долларлык алтын кен мамлекетке кайтарылды