Бүгүнкү күндө республикадагы 2 014 айылдын 796сынын тургундары ичүүчү суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда элге таза суу жеткирүү иштери республиканын жети аймагында тең жүрүп жатат.
"Бул тармакты өнүктүрүү үчүн өкмөттүн атайын программасы кабыл алынган. Ага ылайык, ичүүчү суу системаларын куруу жана реабилитациялоо иштери республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен, ошондой эле тышкы донорлордун каржылоосу менен ишке ашырылууда. Азыркы тапта калкты таза суу менен камсыздоо иштери өлкөнүн жети аймагында жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө республикадагы 2014 айылдын 796сынын тургундары ичүүчү суу менен камсыз болуп, 258 айылда курулуш иштери уланууда. Ал эми 960 калктуу конушта суу түтүктөрүн куруу жана реабилитациялоо талап кылынат. Мындан тышкары, саркынды сууларды тазалоо системаларын куруу иштери да жүрүүдө. Учурда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Каракол шаарында курулуп жатат. Ал эми Чолпон-Атада курууга старт берүү алдында турат", — деди Халов.
Ал ошондой эле аймактарда ичүүчү суу ар бир үйгө эсептегичи менен киргизилип жатканын кошумчалады.