БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте Mitsubishi Chariot үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү коюп, андан соң көпүрөдөн Ала-Арча дарыясына кулап кеткен. Бул тууралуу ШИИБ билдирди.
Кырсык 25-мартта саат 17.50дө болгон. 29 жаштагы Ж.К. аттуу айдоочу Лев Толстой көчөсү менен батышты көздөй бара жатып рулду башкара албай калгандыктан 21 жаштагы жөө адамды коюп, дарыяга кулап кеткен.
Жаракат алган жөө адам ооруканага түшкөн. Автоунаанын 28 жаштагы жүргүнчүсү дагы жабыркап №4 шаардык ооруканага жаткырылган. Айдоочунун абалы тууралуу маалымат бериле элек.
Факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилген.