БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россия менен АКШ энергосистемаларга сокку уруу боюнча мораторийге россиялык, украиналык кайсы объектилер кире турганын макулдашты. Бул туурасында Кремлден билдиришти.
Тизме төмөнкүдөй:
мунайды кайра иштетүүчү ишканалар;
мунай, газ куурлары, аларды сактаган кампалар. Буга насостук станциялар да кошулат;
инфраструктурага берилүүчү электр энергиясы, ага электр станциялар, подстанциялар, трансформаторлор жана аларды бөлүштүрө турган түзүмдөр кирген;
атомдук электростанциялар;
гидроэлектростанциялардын дамбалары.
Убактылуу мораторий 18-марттан тарта иштеп баштап, 30 күнгө созулат. Кааласа, эки тарап өз ара сүйлөшүп узартып алса болот. Эгерде мораторийди бир тарап бузса, экинчи жак андагы айтылгандарды аткарбай коюуга укуктуу болорун белгилешкен.
Эскерте кетсек, Россия менен АКШнын кезектеги сүйлөшүүсү 24-мартта өтүп, 12 саатка созулган.
Лавров сүйлөшүүдө негизинен Кара деңиздеги кемелердин коопсуздугу боюнча маселелер талкууланып, "Кара деңиз демилгесин" ишке ашырууну камсыздоо макулдашылганын билдирди. Ал келишим Россельхозбанктан санкциялар алынгандан кийин күчүнө кириши керектиги айтылган. Андан сырткары, сүйлөшүүдө Москва менен Вашингтон энергетика жана деңиз тармагындагы келишимдерди ишке ашырууну колдоого багытталган үчүнчү өлкөлөрдүн кызматтарын кубаттай турганын айтышкан.