БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жыл башынан бери өлкөдө 1300дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 110 адамдын өмүрү кыйылган. Бул тууралуу Жол милициясынын маалымат катчысы Байказы Айткул уулу "Биринчи радиого" билдирген.
Каргашадан 2000ге жакын адам жабыркаган.
"Өткөн жылга салыштырмалуу жалпы жол кырсыктарынын саны өсүүдө. Бирок өтө оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктары азайып жатат. Айып пулдар көтөрүлүп, айдоочуларга чара күчөтүлгөнү менен жол эрежесинин бузулушу курч көйгөй бойдон калууда", — деди Айткул уулу.
Анын айтымында, каргаша көбүнчө катуу айдагандардын, аралыкты сактабагандардын, алдыдагы унаадан озуп өтүп, мас абалында рулга отургандардын айынан болууда. Жол кырсыктарынын 38%ы — жолдо бараткандарды сүзүп кеткен учурлар.
"Бул жерде жүргүнчүлөрдүн дагы айыбы бар, жолдон чуркап чыккандар, коомдук транспортту күтүп жатып аялдамадан чыга койгондор да кырсыкка себепкер болушат", — деди Айткул уулу.