УКМК Иисус каймана аты бар УКТнын мүчөсүн жана анын тарапташтарын кармады

УКМК Иисус каймана аты бар УКТнын мүчөсүн жана анын тарапташтарын кармады
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун Иисус каймана аттуу мүчөсү жана анын тарапташтары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар уурдоо, каракчылык, опузалоо жана башка бир катар оор кылмыштар боюнча козголгон иштин алкагында колго түшүрүлгөн.
"Шектүүлөр узак убакыт бою ишкерлерди куугунтуктап, коркутуп, опузалоо менен алектенишкен. Жалпысынан аффилирленген жактарга наркы 170 миң доллар болгон мүлктү тариздеген", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган М.Б.М. (Иисус) жана К.У., М.С.М. аттуу жарандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Мыйзамсыз электрондук виза даярдаган деп чет элдик жаран кармалды
УКМК: мыйзамсыз электрондук виза даярдаган деп чет элдик жаран кармалды