Ош шаарында "Ак көр" көрүстөнүн рекультивациялоо башталды. Сүрөт

Ош шаарында Ак көр көрүстөнүн рекультивациялоо башталды
Мэр Түштүк борбордун ичиндеги 50 көрүстөн жыл аягында толук жабыла турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Ош шаарында эски көрүстөндөрдүн ордун коомдук максатта кайра пайдалануу үчүн рекультивациялоо иштери "Ак көрдөн" башталды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган жай Шакиров көчөсүндө жайгашкан. Бул жерди коомдук муктаждыктар үчүн кайра пайдаланууну чечишкен.
Алгач жалпы маркумдарга куран окулуп, курмандык чалынган. Тиешелүү кызматтар тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.
Мэриядан жалпы аянты 19 сотых болгон "Ак көр" көрүстөнү мындан 73 жыл мурда, тагыраагы, 1952-жылы жабылганын айтышты.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жылдын соңуна чейин Ош шаарынын ичиндеги бардык көрүстөндөр жабыларын, эки сөөктөр калаанын сыртында ачылган жаңы жайга коюларын билдирди.
Ал Оштун ичинде 50 көрүстөн бар экенин, булардын жалпы аянты 200 гектарды түзөрүн, бул шаардын үчтөн бир бөлүгү экенин кошумчалады.
Мүрзө. Архив
Өкмөт маркумду көмүү, мүрзөгө эстелик орнотуу тартибин бекитти