Башкы машыктыруучу катары өлкөнүн улуттук курама командасын дүйнө чемпионатына чыгарып, күчтүү командага айландыргым келет. Бул тууралуу Азамат Байматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, машыктыруучу катары билимин жогорулатып, А лицензиясына ээ болуу үчүн Ташкентте окуудан өтөт. Учурда даярдык көрүп жатат.
"Көп жылдар бою оюнчу катары нечендеген машыктыруучу менен иштештим. Оюнчу менен машыктыруучунун жоопкерчилиги ар башка. Экөөнүн оюндун жүрүшүнө болгон көз карашы такыр бөлөк. Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы болуп дайындалып, Азия чемпионатына барып келдик. Оюнчулар менен дагы көп багыт боюнча иштеш керек экенин түшүндүм. Мындан тышкары, өзүм дагы билимимди жогорулатып, тажрыйба топтошум керек. Учурда менде машыктыруучулук B лицензиясы бар. Алдыда А категорияга окууга даярданып жатам. Менин кыялым жана максатым — башкы машыктыруучу катары өлкөнүн улуттук курама командасын дүйнө чемпионатына чыгарып, атаандаштык көрсөткөн командага айландыруу. Бул үчүн мамлекет бардык шартты түзүп жатат ", — деди Байматов.
Ошондой эле ал командадагы оюнчулардын тартибин, психологиялык абалын жакшыртып, лидерлик сапаттарын жогорулатуу боюнча иштер жасалса жакшы жыйынтыктар болорун кошумчалады.