Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров РФ менен АКШнын Эр-Рияддагы сүйлөшүүсүнүн айрым жагдайларын ачыктады

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия менен АКШнын Эр-Рияддагы жолугушуусунун айрым жагдайларын ачыктаганын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, сүйлөшүүлөр 24-мартта өтүп, 12 саатка созулган. Делегациялар бул арада үч жолу тыныгууга чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгы менен биргелешкен билдирүү жасалат делгени менен кийинчерээк маалымат берилбей турганы кабарланган.
Лавров сүйлөшүүдө негизинен Кара деңиздеги кемелердин коопсуздугу боюнча маселелер талкууланганын билдирди. Министр маек куруп жатып азыркы кырдаалга да баасын берген.
Урунттуу учурлар:
Европа мамлекеттери АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын "украин кырдаалын биротоло жөнгө салуунун параметрлери тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деген позициясына карама-каршы аракетте болуп жатат;
АКШ Киевди терактылардан, жарандык объектилерге кол салуудан Вашингтон гана баш тарттыра аларын жакшы түшүнөт;
экс-президент Жо Байден Россияны укпай, Украинаны НАТОго кошууга далалаттанып, Москвага кооптуулук жаратты. Ушунусу менен чоң ката кетирди;
Европа өлкөлөрүнүн жардамы болбосо Украина эбак эле жеңилүүгө дуушар болмок. Лондон менен Париж Киевди куралга шыкоо жагынан лидер болууда;
Украинага тынчтык орнотуучу миссиясын жөнөтмөкчү болгон Батыш мамлекеттери — саясатта алсыз экенин тастыктаган кыялкечтер;
Батыштын Россияны тизгиндөө жана стратегиялык жеңилүүгө кептөө ниети — бул Наполеон менен Гитлердин каалоосу болчу. Мунун баары биздин баштан өткөн.
АКШнын президенти Дональд Трамп
АКШда Трамптын Украинага болгон мамилеси кандай экенин айтышты