БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы кыймылсыз мүлккө болгон салыкты жогорулатууну сунуштоодо. Токтомдун долбоору шаардык кеңешке жөнөтүлдү.
Муниципалитет турак жайдын базар баасы жыл сайын өсүп жаткан учурда салыктын ставкасы өзгөрүүсүз калып жатканын белгилеген. Мындан улам дубалдын материалына жана колдонуу мөөнөтүнө карабастан бирдиктүү коюм катары 1 чарчы метрге 75 сом белгилөө сунушталды.
"Бул калктын көпчүлүгү үчүн социалдык жактан пайдалуу чечим болуп саналат. Учурдагы ставкалар менен салыштырганда өтө деле айырма болбойт (12 сомдон 49,8 сомго чейин)", — деп айтылат документтин негиздемесинде.
Кошумчалай кетчү жагдай, 150 чарчы метрге чейинки үйлөр жана 80 чарчы метрге чейинки батирлер мурдагыдай эле салыктан бошотулган.