Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Чүй жана Ленинград облустарынын оркестрлери аткарган шедевр чыгармалар. Видео

Бишкекте "Улуу Жеңиш музыкасы" аттуу гала-концерт өттү.
Sputnik
Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында Ленинград облусунун симфониялык оркестри жана Чүй облустук камералык оркестри орус, кыргыз жана советтик композиторлордун чыгармаларын аткарышты.
Программа Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналды.
Концертти Ленинград облусунун өкмөтү жана КР президентинин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү уюштурган.