БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Айрым медициналык кызматтар аутсорсингге берилиши ыктымал. Бул тууралуу вице-премьер-министр рангында иштеп жаткан юстиция министри Аяз Баетов билдирди.
Ал мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуунун алкагында министрлер кабинетинин жетекчиси баштаган комиссияга 30 нормативдик документ жана 40тан ашык чечим киргизилерин белгиледи. Анын ичинде онкологиялык ооруларды дарылоодо мамлекеттик монополияны жоюу сунушу бар.
"Онкологиялык оорулар боюнча мамлекеттик монополияны жок кылуу боюнча тиешелүү мыйзам кабыл алынганы менен аны ишке ашыра турган нормативдик документтер жок. Ошону ишке ашыруу пландалууда. Бул онкология менен ооругандарга каалаган жагында дарыланууга тандоо мүмкүндүгүн берет" — деди Баетов.
Мындан тышкары, ал эмдөөлөр дагы аутсорсингге берилиши ыктымал экенин кошумчалады.
Аутсорсинг — мамлекеттик кызматты жеке жактарга өткөрүп берүү.