Тынч учурда ӨКМдин дарыгерлерин жана техникасын пайдаланууга жол ачуу каралууда

ӨКМдин кызматкерлери жана атайын техникасы. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Тынч учурда ӨКМдин дарыгерлерин жана техникасын пайдаланууга жол ачуу каралууда. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуунун алкагында мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу көздөлүүдө.
"Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев ӨКМдин ресурстары боюнча изилдөө жүргүзүүнү тапшырган. Аталган министрликте жай турмушта ишсиз турган жакшы дарыгерлер жана техникалар көп. Мына ошолорго тынч учурда мамлекеттик ооруканаларда иштөөгө уруксат берүү сунушталууда. Буга чейин мыйзам менен тыюу салынган", — деди Баетов.
Ал ошондой эле ӨКМдин техникасы дагы бош турбашы керектигин кошумчалады.
Эске салсак, өлкөдө жарым жылдын ичинде мамлекеттик башкарууну реформалоо пландалууда. Анын негизинде юстиция министри Аяз Баетов минкаб төрагасынын орун басары даражасында Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун (СДУИ) директору болгон.
Бишкектеги ЦСМдин регистратурасы
Баетов: айрым медициналык кызматтар аутсорсингге берилиши ыктымал