БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. 50 жашка чейинки кыргызстандыктарга маалым каттар кагаз түрүндө берилбей калышы мүмкүн. Бул тууралуу Аяз Баетов мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуу боюнча "Ынтымак ордодо" өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, алар "Түндүк" тиркемеси аркылуу электрондук маалым кат алса болот.
"Жарандар үчүн бул "шок" болушу ыктымал, бирок санариптештирүүгө акыры өтүшүбүз керек" — деди ал.
Баетов санариптештирүү, бюрократизацияны жоюунун алкагында мамлекеттик органдардын бири-биринен маалымат сураган учуру да жоюларын белгиледи.
Эске салсак, өлкөдө жарым жылдын ичинде мамлекеттик башкарууну реформалоо пландалууда. Анын негизинде юстиция министри Аяз Баетов минкаб төрагасынын орун басары даражасында Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун (СДУИ) директору болгон.