26-мартка карата аба ырайы

Оштогу Сулайман-Тоодо кишилер. Архив
26-мартта өлкөнүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Шаршембиде республиканын айрым аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 10…15, Талас өрөөнүндө 8…13, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 13…18, Ысык-Көлдө 7…12, Нарын чөлкөмүндө 9…14 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 12…14, Ош шаарында 11…13 градуска жетет.
Селдин кесепеттери. Архив
Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абаддын айылдарын суу каптады