Тагдыры татаал болсо да, талантка бай Алыкул Осмонов

Sputnik
Алыкул Осмонов бул жарыкчылык дүйнөдө болгону 35 жыл гана жашады. Ошентсе да адабиятыбыздан өз ордун таап, поэзияга жаңычылдык киргизе алган акын. Ал котормо жаатында да мыкты эмгек жасаган. Тагдыры оор болгону менен турмуш аны өз заманынын алдыңкы жаштары, илимдүү азаматтар менен насиптеш кылган. Быйыл акындын 110 жылдыгы. Алыкул таануучулар тарабынан илимий, маданий мыкты агартуучулук иштери жасалганы турат.