Мындан эки жыл мурун Бишкектеги эл аралык медициналык институту атайын изилдөө жүргүзүп, кыргызстандык студенттердин 70 пайыздан ашыгы тез татым жана таттуу суусундуктар менен тамактанарын айтып чыккан. Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдөгү 2022-жылдагы изилдөөсүнө таянып, дүйнодөгү ар бир 8чи адам ашыкча салмак менен жабыркарын билдирген.
"Ачык кеп" программасында ашыкча салмак, анын адамдын жашоосуна таасири, аны менен күрөшүү тууралуу баарлаштык. Берүүнүн жүрүшүндө эндокринолог Айсалкын Гапарова ашыкча салмактын кесепети, себептери, алдын алуу, ал чакырган оорулар жана дарылоо боюнча берген суроолорубузга жооп берди.