Өлкөдө 15 миңден ашуун майыптыгы бар адам жеке ассистент кызматын пайдаланууда — жеке ассистент кантип дайындалат?

Sputnik
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеке ассистент дайындоо өлкөдө 2019-жылдан тартып иштеп баштаган. Ошол жылдан бери 18 жашка чейинки курактагы майыптыгы бар балдарга жеке ассистенттик кызмат көрсөтүлсө, 2022-жылдан тартып бул кызмат бала кезинен майыптыгы бар улуу адамдарга да багытталган. Бүгүнкү күндө 14 миң 723 жеке ассистент бар жана алардын жардамын жалпы 15 миң 30 майыптыгы бар адамдар пайдаланат. Анын ичинде 9 534 бала жана 5 496 чоң адам. Жеке ассистенттин кызмат акысы айына 7 681 сомду түзөт.
Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин майыптуулугу бар балдар жана улгайган адамдарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Молдогазиева маалымдады.