БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Аламүдүн районунун прокурору Жамалбек Сатыбалдиев 19-майга чейин камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Ал "Опузалап пара алуу" беренеси менен айыпталууда.
Эске салсак, шектүү 19-мартта Я.к.Ж. аттуу жарандан 80 миң сом талап кылды деп кармалган.