БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. ЕАЭБде дары-дармектин бааларын арзандатуу боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович билдирди.
Ал комиссия фармацевтика секторунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу изилдөө жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
"Изилдөөнүн максаты — тоскоолдуктарды азайтуу, бааларды арзандатуу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу", — деген Ермолович.
Ал ошондой эле июнда Минскиде Евразия экономикалык форумунун профилдик иш-чаралары өтөрүн кошумчалады.