Бишкекте бала бакчанын имараты 80 сотых жери менен мамлекетке кайтарылды

Бишкекте бала бакчанын имараты 80 сотых жери менен мамлекетке кайтарылды
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкекте бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, №159 балдар бакчасынын имараты 80 сотых жери менен 1993-жылы менчиктештирлип кеткен.
"Анын ээси Ю.Ш.А. мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берген", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат жыл башынан бери алты бала бакча мамлекетке кайтарылганын кошумчалаган.
Ысык-Көлдөгү Бар-Булак пансионаты 2,3 гектар жери менен мамлекетке өттү
Ысык-Көлдөгү "Бар-Булак" пансионаты 2,3 гектар жери менен мамлекетке өттү