Трамптын администрациясынын үстүнөн 150дөн ашык доо арыз түшкөн

АКШ президенти Дональд Трамп
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Дональд Трамп президенттик кызматка келген алгачкы эки айда соттук 150 териштирүү, доо болуп, анын администрациясынын чечимдеринин мыйзамдуулугу талаш жаратты. Бул туурасында РИА Новости Блумберг агенттигине шилтеме кылып жазды.
"Дональд Трамп президенттигинин эки айында эле анын аткаруу бийлигинин ишинин мыйзамдуулугу талаш жараткан соттук 150 доо коюлду... Америкалык соттор көбүнчө администрациянын позициясына каршы келген чечимдерди кабыл алышат. Алар бир катар учурларда президент Конгресстин жактырган-жактырбаганын эске албай, өзүнүн ыйгарым укуктарынан ашыра пайдаланып жибериши мүмкүндүгүн айтышууда", — деп жазган агенттик.
Доо арыздардын көбү миграциялык саясаттын катуулап кеткендигине, анын ичинде балдардын төрөлгөнү боюнча жарандык алышына салынган тыюу боюнча болгон. Андан сырткары, мамлекеттик кызматкерлердин жапырт иштен алынышы боюнча маселеге да басым жасалган.
АКШдагы мигранттардын үйбүлөсү. Архивдик сүрөт
АКШда жаңы миграциялык саясаттан улам 730 миң окуучу депортацияланышы мүмкүн