Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Ташмамат Жумабаев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры Ташмамат Жумабаев
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман адамдар тууралуу баяндоосун улантат.
Sputnik
Майор Ташмамат Жумабаев
Ал 1924-жылы 24-августта Ош шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Толук эмес орто билимге ээ болгон Ташмамат жибек комбинатында слесарь болуп иштей баштайт.
1942-жылы октябрда Жумабаев Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясынын катарына чакырылат. Борбордук фронтко жиберилип, Курск алдындагы согушка кирет. Андан соң аткычтар отрядынын командирлиги курсунан өтүп, сержант наамын алат да, 1943-жылы кайрадан согушка жиберилет.
1943-жылы октябрда Борбордук фронттун 65-армиясынын193-аткычтар дивизиясынын 685-аткычтар полкунун бөлүгүнө жетекчилик кылат.
Жумабаев 1943-жылы 15-октябрда Днепр дарыясын кечип баратканда, душмандын огу мөндүрдөй жаап турган учурда өзгөчөлөнөт. Өзүнүн бөлүгү менен биринчилерден болуп Лоев кыштагынын жанынан (Беларусь ССРи) суудан өтүп, оң жээктеги плацдармды ээлейт.
ССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылы 30-октябрда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" Ташмамат Жумабаевге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, Ленин ордени, Кызыл Жылдыз медалы ыйгарылган. Согуштагы каармандыгы үчүн Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени жана бир топ медалдар менен сыйланган.
1945-жылы Жумабаев Харьков артиллериялык училищесин, 1964-жылы Ташкенттеги жалпы аскер училищесин аяктап, 1971-жылы майор наамын алып, запаска бошотулган.
Өмүрүнүн соңку жылдары Памир автомобиль трестинде иштеп, Ош шаарында жашаган. Жети баланы тарбиялап, өстүргөн. 1995-жылы көз жумган.
Оштогу Баатырлар аллеясына Ташмамат Жумабаевдин бюсту орнтулган, андан сырткары калаанын көчөлөрүнүн бирине ысымы ыйгарылган. Исанов көчөсүндөгү № 35а дарегиндеги үйдүн фасадына мемориалдык такта орнотулган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган.
Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Булардын ичинде биз жогоруда сөз кылган Ташмамат Жумабаев да бар.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Иван Гавриш — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры