Кыргызстандыктар ашыкча каражатын дароо эле банктардын депозитине салып көнүп калышкан. Чындыгында мынай кызматты Кыргыз фондулук биржасы да көрсөтөт. Бул тууралуу Мыктыбек Абиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фондулук биржалардын облигациялары депозиттик пайыздардан жогору болот.
"Кыргызстандыктар арасында баалуу кагаз сатып алуу механизмдери анчалык популярдуу эмес. Пайызы жогору болгонуна карабай бул жерде маркетингдин күчү менен банктык депозиттер утуп кетет. Мисалы, биздин фонддун шарты боюнча жаран облигация сатып алат. Ал үч жылдык мөөнөткө сатылат, бирок үч жыл күтүп отурбай кайра эле биз аркылуу жаңы кардарларга сатып салса да болот. 18-21 пайызды түзөт. Ал эми банктык депозиттер 12-15 пайыздын чегинде гана иш алып барышат. Бир облигациянын баасы 1000 сом", — деди Абиров.
Ал, мындан сырткары, кыргызстандыктардын компаниялардын акцияларына ээлик кылуу мүмкүнчүлүктөрүнө да токтолду.
"Фондулук биржа аркылуу компаниялардын акцияларын сатып алып, акционер болуп алса болот. Мында ошол компаниянын жетекчилик курамына кирип калат. Өзүнүн чечимдерин, сунуштарын бере алат. Башкача айтканда, компаниянын келечегине кайдыгер карабаган кишиге айланат. Мында эгер ошол мекеме киреше тапса, акционер да каражатка ээ болот. Эгер киреше таппаса, ага эч кандай акча түшпөйт. Акциялардын баасы ар кандай болот. Акция сатып аларда адам өзү изилдеп көрүшү зарыл", — дейт жетекчи.
Ал акция компаниянын өнүгүшүнөн көз каранды болсо, облигацияда мындай түшүнүк жок экенин, облигацияга каражат салынганда мөөнөтү келгенде толугу менен кайтарыларын кошумчалады.